Жаз менен күздүн ортосундагы жылдын мезгили – июнь, июль, август айлары. Жайдын көркү ачылат, Жашыл ала гүл менен (Осмонкул). Эгин айдап, мал багып, Эмгек кылчу жай келди (Осмонкул).
1. Орун, турак, мекен. Ушул шаарды, ушул сонун жайды түзгөн эмгекчи эл өзү го (Баялинов). Дагы нарылай түшүп, отурууга жай тандашты (Бейшеналиев). Булардын көбүндө үй да, жай да жок (Сасыкбаев). || Үй, турак жай, чарбак. Ойлодум: сонун жай кимдин жайы (Үмөталиев).Төшөк, жата турган орун. Мейманга жайды көрсөттү (Бейшеналиев). Жай таппадым жатарга (Токтогул). // Кандайдыр бир аныкталгыч сөздөрдөн кийин айтылып, тиешелүү мекемелерди, ишканаларды ж. б. атайын орундарды билдирүүдө колдонулат. Соода жайы. Коомдук жайлар. 2. Кандайдыр бир нерсенин же бир иштин ал-абалы, шарты, жөнү, жагдайы. Ашым иштин жайын эми гана түшүндү (Каимов). Жалкоонун жайы ушундай, Жайкалып уйку салыптыр (Тоголок Молдо). // Өз эркинчелик, өз алдынча болгон абал. Мал катары айдадың, Кедейди койбой жайына (Каралаев). Аябай айласы кеткенде Айганыш кызды жайына койгон (Байтемиров). 4. Жайлуу, орундуу, ылайыктуу. Чылмайран тоо келишкен, Чыбыры тегиз малга жай, Койлору төлдөп эгизден («Олжобай менен Кишимжан»).
1. Акырын, шашпай, камырабай. Кулбаш жай басып үйгө кирди (Абдукаримов). Аңгыча Арзыкул каадасынча жай гана сүйлөп калды (Байтемиров). 2. Жайынча, жөнөкөй, өзгөчөлөнбөгөн. Жай сөз. 3. Тынч, жайланышкан, коогалаңы жок. Анык тынып санаасы, Андай азаматтын көөнү жай (Токтогул). Үлөштүрүп берди эми, Көңүлдөрү жай болуп («Сейтек»). Үйгө жай алып отургандан кийин Токобай мейманын сөзгө алды (Каимов).
1. Кандайдыр бир нерсени жазуу, бүктөлбөгөн, жыйылбаган абалга келтирүү, төшөө. Бурма кайнаган самоорду алып келип, дасторконду жайды (Каимов). Дилде төргө шырдак салып, үстүнө көлдөлөң жайып койгон экен (Байтемиров). || Жазып илүү. Тээтигинде кир жайып, Карап турат бураң бел (Турусбеков). 2. Жайылта жиберүү, каптатуу, коё берүү. Ысмайыл сууну эгинге жайып коюп карап турат (Турусбеков). || Агуу, жайыла чыгуу. Бутунан кан жая бериптир. Шилтеген жерден кан жайган. 3. Оттотуу, кайтаруу, жайылтуу. Кой жайып кетип баратсам, бир кой артта калып калды (Жантөшев). 4. Таратуу, көпчүлүккө маалим кылып жиберүү. Ар кандай сөздөрдү тез эле эл арасына жайып жиберди (Токомбаев).